16.08.2019 17:22

Биздин үйгө жасалган чабуул тууралуу мен кандай ойдомун?- Кадыр Атамбаев

  Кой-Таш операциясы (5 материалов)
Биздин үйгө жасалган чабуул тууралуу мен кандай ойдомун?- Кадыр Атамбаев

Саламатсыздарбы, менин аты-жөнүм Кадырбек Атамбаев. Мен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулумун.

Бул иштин негизги максаты - 7-8-августта болгон окуяларга менин көз карашымды кат жүзүндө көрсөтүү.

1) Спецназ үйгө чабуул жасоого даяр эмес болчу.

«Купуялуулукту сактоо менен алып чыктык [Кой-Ташка], бул тууралуу төрт гана адам билчү. Кандай иш алып барууну акыркы мүнөттөрдө жеринде ойлонуштурдук...»,- Орозбек Опумбаев. 

Күч органдарында дээрлик эч ким чабуулдун башталганын билген эмес. Мындан улам, жадагалса, атайын багыттагы отряддын жоокерлери да жолго чыгып жатканда Ысык-Көлдөгү «Эдельвейс»  полигонунда өтүүчү адаттагы машыгууга бара жатабыз деп ойлошкон. 

Чыңалуу жаратуучу фактор: Чабуул жасоого спецназдын даярдыгы жок болчу. Күбөлөр кээ бир жоокерлер ошол аймактагы үйлөргө кирип, Атамбаевдин үйү кайда экенин сурашканын айтышты.

Чабуулду баштан-аяк «акыркы мүнөттөрдө ошол жерден иштеп чыктык»,- Опумбаев.
Бул - укмуштуудай илээндилик.

2) Атамбаевден УКМКнын мамлекеттик күзөтүн алышкан эмес. 

УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери чакырылып алынган эмес. Бирок алар күн сайын жетекчиликтен өз объектисин «кашык каны калгыча» коргоого милдеттенме алып турушкан.

Чыңалуу жаратуучу фактор: керек болсо террористтерди да жакындап келе жаткан чабуул тууралуу эскертишет. Бул окуяда жадагалса, УКМКнын кызматкерлерине эскертип да коюшкан жок. Уюштуруучулар мамлекеттик күзөт кызматкерлери менен спецназдын кызматкерлерин бири-бирине кайраштырышты. Спецназ кызматкерлеринин таанытуучу белгилери жок болчу. 

3) Чабуул үчүн тандалган убакыт.

УКМКнын атайын багыттагы отряды биздин үйдү кечки саат 20:00 чамаларында басып калууну чечти. Дал ушул маалда менин атам жарым саат- бир саатка өзүнүн тарапташтарына чыгат. Дал ушул убакта үйдүн короосуна аялдар жана балдар киришет, алар атам менен 1-2 «селфи» кылгандан кийин үйдүн аймагынан чыгып кетишет. 

Чабуул короодо аялдар жана балдар көп болгон дал ушул маалга пландалган. 

Чыңалуу жаратуучу фактор: Чабуул тууралуу уккан тарапташтарда Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барууга кошумча стимул пайда болду. Байланыш үзүлүп калган шартта, көпчүлүгү кырдаалдын туткунунда калган туугандары жана бала-чакасы үчүн келишет да.



4) Жарып кирүүчү жерлер.

Спецназдын ою атамды Кой-Таштагы үйдүн аймагынан курчап алуу болчу. Тегеректеп калуу үчүн короого бир нече жерден кириш керек эле. Анткени, спецназды көрүп калган мамлекеттик күзөт кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди башкы дарбазадан ары жетелеп кетишти. 

Спецназ чабуул жасоодо негизги жер катары Башкы дарбазаны (ТҮНДҮК) тандашыптыр, бирок чабуул, биринчи кезекте Экинчи дарбазадан (ТҮШТҮК) жасалышы керек эле. Андай болгондо спецназ үйгө жакындап калган Алмазбек Атамбаевдин жана анын күзөтчүлөрүнүн жолун тороп калышмак. Андан тышкары, кечки 20:00дөгү жолугушуу учурунда элдин баары түндүктөгү Башкы дарбазаны көздөй агылышат. 

Чыңалуу жаратуучу фактор:  ырасын айтканда, үйгө чабуул жасоо үйдө жападан-жалгыз (!) өткөрүүчү пункт катары кызмат кылган түндүктөгү Башкы дарбазадан токтоду. Жай жарандар, аялдар жана балдар, кырдаалдын туткунунда калышты. Бул ого бетер элди көкүттү.

Башкы максат чабуул жасоо жана Башкы дарбазаны басып алуу эмес, башкы максат мамлекеттик күзөтчүлөр Алмазбек Атамбаев менен үйдү көздөй бараткан жеринен кармап калуу болуш керек эле.


5) УКМКнын купуя кызматкерлеринин жоктугу.

Кечки саат 20:00дө үйдүн короосуна экс-президент менен жолугуп, сүрөткө түшүүнү каалагандардын баарын киргизишет. УКМК 5-10-20 адамды жөнөтүп коё алмак, алар ары-бери басып жүргөн жай жаран кейпинде башкы эшиктин жанында турушса, Алмазбек Атамбаевди токтотуп кала алышмак. Ал гана эмес, «селфи» жасамыш болуп деле атамды жана УКМКнын мамлекеттик күзөт кызматкерлерин кармап ала алышмак.

Чыңалуу жаратуучу фактор:  гараж тараптан да, Экинчи түштүк дарбазадан да спецназдын өз маалында кирип келүүсү болгон жок. Ал тургай, түштүк дарбаза аман-эсен бойдон. Башкача айтканда, Атамбаевди үйгө кирип бараткан жолдо кармап калуу аракети такыр болгон жок, же болбосо, ал аракет толугу менен эрте эле ишке ашпай калган. 

6) Аймакта спецназды көпкө күтүү.

Атамбаев үйгө жеткен кезде операция ишке ашпай калды. Мындайда спецназдын территорияда андан ары  калуусунун кажети жок эле. Анткени, үчүнчү жана төртүнчү чагымчыл факторлордун айынан, Атамбаевдин тарапташтары жапырт үйгө келип башташат жана спецназ оңой гана курчоодо калат. 

Чыңалуу жаратуучу фактор: спецназды курчоодо калтырып коюшту. Болбосо, «Теплые ключи» жактан же дача аркылуу жол бар болчу. Спецназдын андан ары калышы тобокелчилик болуп баратты. Мунун баарын төмөнкү фактор болуп көрбөгөндөй курчутуп жиберди.

7) Спецназдын ок атуучу курал менен куралданганы.

Биринчи эле күнү УКМК 40 даанадан ашык ок атуучу курал жана 2000 патрон жоголгону тууралуу жар салды. ЖМКларда каргашалуу ок спецназчылар өздөрү алып келген куралдан атылганы айтылды. Кечээ күч түзүм өкүлдөрү курман болгон спецназ жоокерин Атамбаев атпаганын, ал эми аткан адамды кармашканын моюндарына алышты (бирок кечээ жакында эле 8-августтагы чабуулдун алдында ИИМ менен УКМК жетекчилери такыр башкача сүйлөп жатышкан - алар  спецназ жоокерин Атамбаев өзү түз эле жүрөккө атыптыр дешкен).

Чыңалуу жаратуучу фактор: Батукаевдин иши боюнча күбөнү алып келүү үчүн спецназдын ок атуучу курал менен келишинин кажети бар беле? Операцияга даярдыгы жок спецназ курчоодо калгандан кийин алардын куралдарын тартып алышаары турган иш болчу. 



Түздөн-түз окшоштук: Чагымчылдыктын тааныш кол жазмасы.

2010-жылы 7-апрелде элдер «Форумдун» алдынан «Альфанын» куралын тартып алып, өздөрүн кубалап жиберип, жаңы гана Ак үйгө бет алганда, Ак үйдү кайтаргандардын арасынан биринчи курмандык болгон эле - Мамлекеттик күзөт кызматынын жоокери Алтынбек Шымырбаев. Ага кайдан-жайдан ок келип тийип, операция столунда көз жумган. Анын өлүмүнөн кийин бийликтегилер каршылыкка чыккандарды атууга толук укук алышкан. Оппозициянын бардык лидерлери ага чейин, 6-апрель түнү камакка алынган болчу жана өз тарапташтарынын күч органдарынын куралдары менен куралданып алышын токтото алышмак эмес.

Баса, кызыктуусу, ошондо бийлик  элдин көтөрүлүшүн басып кое алганда, Бакиевдик пресса Шымырбаевдин өлүмүнө кимди күнөөлөйт эле?

7-августтагы окуянын эң негизги айырмасы, бул жолу спецназ калтырып кеткен ок атуучу куралдар Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен бийликке өткөрүлүп берилди. Атамбаев өзүнүн тарапташтарынын спецназдын куралы менен куралданышына жол берген жок, үйгө чабуул жасоодо ал куралды спецназ эмнеге ала барганы түшүнүксүз.

Мааниси жок операция.

«Мен Сооронбай Шариповичке 5 вариант көрсөттүм. Ал күч колдонуу менен кармоо тапшырмасын берди...»,- Орозбек Опумбаев.

Акыркы интервьюларында атам «укуктук багыт» фразасын 3 жолу эскертип өттү. 31-июлда атам Жогорку Соттун Конституциялык Палатасынын сурак боюнча чечимин күтөөрүн айткан. Мен атамдын сөзүнөн цитата келтирейин: «Сурактын мыйзамдуу, же мыйзамсыздыгы маселесинде чекитти Конституциялык Палата коюшу керек». Бул билдирүү атамдын Москвага болгон сапарынан кийин жасалган. 

Конституциялык Палата сурак учурунда атама эмнелер кепилденээрин жана Сапар Исаков менен Кубан Кулматовду камоонун сценарийи кайталанбайбы, ошону туура түшүндүрүп бермек. Андан тышкары, атам сентябрга чейин бийликке болгон талаптарынын айрымдарынын аткарылышын күтө турганын ЖМКларга айтып келген. Ал  кат түрүндө күбөлүк көрсөтмөсүн даярдап, аны кабыл алууну өтүнгөн. 

Эмне кылуу керек? 

Атамды репрессия кылгандан  кийин анын тарапташтарын жана боор тарткан ЖМКларды «саясий жумшактык» күтүшү мүмкүн. Бирок, эгерде бардык саясий күчтөр бийлик менен эпке келишип, сүйлөшүүлөргө барса, мындай жумшактыктан кийин аябай катаал саясий репрессиялар болушу мүмкүн. Анткени бийлик 2020-жылкы парламенттик шайлоо алдында өзүнүн убадаларын кандай аткарып жатканын көрсөттү. Өлкөнүн саясий күчтөрү азыркы бийликтин ким экенин, ким менен иш алып жатканын аңдашы керек. Атамбаевдин камалганына байланыштуу жүрүп жаткан табалоо толкуну бийликке олуттуу оппозиция жоктугун эске алуу менен сактык толкунуна айланышы зарыл. 

Менин атам буга чейин бийликке жаңы, прогрессивдүү жаш элитанын келүү зарылдыгын, «бүт эски гвардияны өзү менен ала кетүүсү керектигин» айтып келген. Мен оппозиция эми мурунку пикир келишпестиктерин унутуп, биригип жана алдыдагы шайлоолордо Жогорку Кеңеште жаңы көпчүлүктү түзүшү керек деп ойлойм. Оппозициялык күчтөрдүн биригиши Кыргызстан үчүн өтө зарыл.