04.12.2019 14:42

Блогер Афтандил Жоробековдун ишине БУУ кийлигишеби?

Блогер Афтандил Жоробековдун ишине БУУ кийлигишеби?

Социалдык тармактагы пост үчүн темир торго камалган Афтандил Жоробековдун туугандары БУУнан үмүт артышууда. Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылышты.

Тагыраагы, Жоробековдун карындашы Чынара Темирова бүгүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттеришке видео кайрылуу жиберип, Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар коркунучта экенин айтты.

"Менин бир тууганым Афтандил Жоробеков бийликти социалдык түйүндөрдө сындаганы үчүн камалып отурат. Ага каршы ойдон чыгарылган жана негизсиз айыптар коюлууда. Үч күн психологиялык басым жасалып, «эгер УКМК менен кызматташсаң бошотобуз» дешти, бирок ал баш тартып койду. Афтандил пикирин ачык айтуу укугун камсыздоону суранууда", - дейт Ч. Темирова

Жарандык активист, «БеспределKG» баракчасынын модератору Жоробековду УКМК «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.