09.12.2019 15:55

Блогер Автандил Жоробеков Аскер прокуратурасына сурак берет

Блогер Автандил Жоробеков Аскер прокуратурасына сурак берет

«БеспределKG» Facebook-баракчасынын администратору жана блогер Автандил Жоробековду бүгүн, 9-декабрда Аскер Прокуратурасы суракка чакырды. Ал саат 16:00гө барып калышы керек.

Тиешелүү чакыруу документтин сүрөтү Facebook социалдык тармагына чыкты.

Маалыматка караганда, аны күбө катары чакырышкан. Бирок кайсы иш боюнча белгисиз.

Белгилей кетсек, ал 5-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарылып, үй камагына алынган. 

Эске салсак, 24-ноябрда УКМК «БеспределKG» Facebook-баракчасынын администратору Автандил Жоробековду камакка алышкан. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Бирок эксперттердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү куч органдарынын аракетин сындашууда. Жана жаш блогерди колдоо максатында “Мен/Биз Автандил Жоробеков” аттуу колдоо акциясын башташкан.