05.12.2019 18:49

Блогер Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлөбү?

Блогер Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлөбү?

Эртең, 6-декабрда Бишкек шаардык сот саат 16:30да Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карайт. Бул тууралуу “Медия Полиси Институту” КФ билдирет.

Алардын маалыматына караганда 29-ноябрда жактоочу Жыргал Бабаев Бишкектеги Биринчи май сотуна арызы менен кайрылган.

Аталган уюм Автандил Жоробековго юридикалык жактан дагы жардам көрсөтүп келет.

Эске салсак, 24-ноябрда УКМК «БеспределKG» Facebook-баракчасынын администратору Автандил Жоробековду камакка алышкан. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Бирок эксперттердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү куч органдарынын аракетин сындашууда. Жана жаш блогерди колдоо максатында “Мен/Биз Автандил Жоробеков” аттуу колдоо акциясын башташкан.