19.02.2020 10:07

Блогер Sydyman "аймактык кастыкты козуттуң" деген негизде эки айга камалды

Блогер Sydyman "аймактык кастыкты козуттуң" деген негизде эки айга камалды

Блогер Элмирбек Сыдыманов Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Мындай чечимди Октябрь райондук соту кабыл алган. Укук коргоо органдары тарабынан ага «аймактык кастыкты козгоо» айыбы тагылууда.

Маалым болгондой, Сыдыман деген ат менен белгилүү болгон жигит өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу Кыргызстандын айрым облустарынын жашоочуларына карата терс ой-пикирин билдирген.

Көп узабай, Элмир Сыдыманов кечирим сурап, сөзү өзүнүн хейтерлерине гана багытталганын айткан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү иштери уланууда.