10.04.2018 15:58

БШК Дамирбек Асылбек уулунун Казакстан жараны экендигин тастыктаган документке ээ болду

БШК Дамирбек Асылбек уулунун Казакстан жараны экендигин тастыктаган документке ээ болду

Борбордук шайлоо комиссиясына эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны экендигин тастыктаган документ келип түштү. Бул туурасында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев кабарлады.

Эми кворум чогулган күнү Дамир Асылбек уулунун депутаттык тагдыры чечилет. Эл өкүлү быйыл 15-февралда 29 киши менен биргеликте аткезчиликке шектелип, казак күч органдары тарабынан камакка алынган.

Айрым маалымат каражаттары Жогорку Кенештин депутатын  "Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы" деп жазып чыгышкан.