06.09.2018 18:49

Бурулайдын иши: сот отурумдары башталды

Бурулайдын иши: сот отурумдары башталды

20 жаштагы Бурулайдын өлүмүнөн бери үч айдан ашык убакыт өтүп, кызды ала качкан Марс Бөдөшев жана ага көмөктөшкөн Акмат Сейитов учурда №1-тергөө абагында кармалышууда. Ал эми Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн 23 кызматкерине түрдүү чаралар көрүлгөн. Чуулгандуу иш боюнча алгачкы сот отуруму кечээ, 5-сентябрь күнү башталып, 1 саатка жетпей аяктады. Ага себеп, жабырлануучу тарап аталган райондон адилеттикти күтпөйт. Өтүнүч канааттандырылып, эми Бурулайдын ишин Бишкектин соттору карайт. Мончоктой кызын жоготуп, акыйкат издеп жаткан атанын арманын кабарчыбыз угуп келген.