02.07.2018 10:55

Чаткал районунда дайынсыз жоголгон эки жигиттин биринин сөөгү суудан табылды

Чаткал районунда дайынсыз жоголгон эки жигиттин биринин сөөгү суудан табылды

Чаткал районундагы Айгыр-Жол айылынын дайынсыз жоголгон эки тургунунун биринин сөөгү табылды. Экинчисин издөө иштери бүгүн, 2-июлда улантылат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 22-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жол айылынын 23 жана 21 жаштагы эки тургуну Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес.

25-июнь күнү Ак-Таш айылында Чаткал дарыясынын жээгинен жогорудагы жарандардын документтери жана өздүк буюмдары табылган.

1-июль күнү издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00дө 1997-жылы туулган  М. Т. аттуу жарандын жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жалпы КР ӨКМнен 17 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 19 адам тартылган. Бүгүн издөө иштери улантылат.