12.02.2020 17:14

Чык эшикке! Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси президенттин сынынан кийин жумуштан кетмей болду

Чык эшикке! Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси президенттин сынынан кийин жумуштан кетмей болду

Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун сөгүшүнө кабылган курулуш агенттигинин жетекчиси Бакыт Абдиев кызматын тапшырууга камынып жатат. Ал бул тууралуу журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик курулуш агенттигинин директору мамлекет башчынын сыны менен макул эмес.

 «Мен жоопкерчиликти өзүмдөн алган жокмун. Бирок, менин жетекчилигимде Курулуш агенттиги жаман иштеди дегенге кошула албайм. Кылмыш ишинен коркпойм, анткени мыйзам бузган жокмун», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Бакыт Абдиевге кызматын тапшырып кетүүнү сунуштаган. Ага Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде курулушка уруксат берүү боюнча 20-орундан 90го түшкөнүн себеп келтирген.