12.05.2020 12:54

Чукул кабар! Сапар Исаковду Петровкадагы колониядан кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту

Чукул кабар! Сапар Исаковду Петровкадагы колониядан кайра Бишкектеги  №1 тергөө абагына которушту

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду Петровкадагы №8 колониядан кайра №1 тергөө абагына которушту. Мындай чечимди бүгүн, 12-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. Бул тууралуу КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасында билдирди .

«Пандемия шартында жана ал жакта (Бишкектеги №1 тергөө абагында) коронавирус болушу мүмкүн деген акыркы билдирүүлөргө байланыштуу- бийликтин  бул аракеттери кооптуу», - деп жазган Жолдубаева.

 

Эске салсак, кече күнү УКМК 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев өзүн жаман сезип жатканын жана жанында бир камерада чогу жаткан 13 айыпталуучуда оорунун белгилери байкалып жатканын билдирген. Ошондой эле Бишкектин № 1 тергөө абагында иштеген бир кызматкерден коронавирус аныкталганы тастыкталган болчу.