25.04.2019 10:10

Чуулгандуу Хашим Зайналиев үй-бүлөсү менен Оманга көчүп кетти

Чуулгандуу Хашим Зайналиев үй-бүлөсү менен Оманга көчүп кетти

Чуулгандуу Хашим Зайналиев Оманга көчүп кетти. Бул тууралуу журналист Бейшенбек Бекешов социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Анын айтымында, Зайналиевдин кетүүсүнө Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы себеп болду. 

«Хашим табып чет өлкөгө Кыргызстандын дары чөптөрүн ончакты мүшөккө солоп алып кетти. Мамлекеттик машина  анын ишмердигине биротоло тыюу салып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Бу дүйнөдөгү акыркы шыпааны Хашимден издеп келген бейтаптары калды ыйлап-сыктап. Алы, мүмкүнчүлүгү жеткени артыңан барабыз дешти», - деп жазган Бекешов.

Айрым маалыматтар боюнча, Омандын бийлиги Хашим Зайналиевге табыптык менен алектенүүгө уруксат берген.

Эскерте кетсек, коомчулук алгач ирет бул ээнбаш табып тууралуу 2 жыл мурун билип баштаган. Анда Зайналиев онкологиялык ооруга чалдыккан аялдын эмчегин наркозу жок кесип, аял каза тапкан. Аялдын туугандары тараптан арыз түшпөгөндүктөн, ачылган кылмыш иш жыл айланып кайра жабылган.

2018-жылдын ноябрь айында табыптын кылтагына илинип, анын табышмактуу дарылоосунан абалы начарлап кеткен 5 жаштагы кыз тууралуу ачыкка чыккан. Зайналиевге «Мыйзамсыз дарыгерлик» жана «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок, кыздын ата-энеси арыз жазган эмес. 

Ошол эле жылы 20-декабрда Октябрь райондук ИИБге А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Зайналиевге чара көрүүнү суранган. Арызда 2016-жылдын апрель айында кайненеси Зайналиевдин клиникасына кайрылганын көрсөткөн. Онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоого укук берүүчү лицензиясы жок экенине карабай, табып аялды толук айыктырып берүүнү убадалап, клиникасына жаткырган. 

Бейтап июнь айына чейин анын көзөмөлүндө болгон. Бул үчүн Зайналиев аялдан 100 миң сом алып, июнда саламаттыгы өтө начарлаган абалда клиникасынан чыгарып салган. Аял каза тапкан.

22-декабрда бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 21-январында Октябрь райондук сотунда Зайналиевдин иши каралып, отурумда жабырлануучу тарап табыпка эч кандай доосу жок экенин билдиргендиктен, кылмыш иши токтотулган.   

Ал эми, 19-февралда Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чуулгандуу Хашым Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, ага табыптык менен алектенүүгө тыюу салганын билдирген.