18.09.2018 10:24

Чүй облусунун Ак-Жол айылынан снаряд табылып, жерине сапёрлор жиберилген

Чүй облусунун Ак-Жол айылынан снаряд табылып, жерине сапёрлор жиберилген

Чүй облусунда эскирип, дат баскан снаряддар табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан  билдиришти. 

2018-жылдын 17-сентябрында Сокулук районунун РИИБине аталган райондун Ак-Жол айылынан снаряддар табылганы тууралуу маалымат түшкөн. 

Жерине дароо УКМКнын, ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлери жөнөтүлүп, ал жерди кароо учурунда эски, дат басып, колдонууга жараксыз болуп калган 8 даана снаряд  табылган. Учурда аларды коопсуз жакка ташып барып, жок кылуу боюнча иштер жүрүүдө.