27.04.2018 18:07

Чүйдүн Капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке дээрлик 3 млн сом зыян алып келген

Чүйдүн Капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке дээрлик 3 млн сом зыян алып келген

Чүй облусунун прокуратурасы аймактын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматтык адамдарына карата кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган башкармалыктын кызматтык адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү иш-чарасынын тартиби бузулган. Ошондой эле, бала бакчаны курууда  билип туруп, мамлекетке пайдасыз келишим түзгөн. Андан улам,  өлкө казынасы 2 млн. 960 миң сом чыгашага учураган.

«2015-жылдын сентябрында Чүй районунун Мээнеткеч айылында бала бакча куруу  үчүн Капиталдык курулуш башкармалыгы 24 млн сомдон ашык акчага конкурс өткөргөн.  Кызматкерлер баалоо  отчётторуна жалган маалыматтарды киргизишип, квалификациялык талаптарга жооп бербеген фирманы жеңүүчү деп табышкан,  ал эми алгылыктуу бааларды сунуш кылган  катышуучулардын арыздарын четке кагышкан”, -деп айтылат билдирүүдө

Жеңүүчү сырткы жана ички инженердик тутумдарды орнотууга уруксааты жок экенине карабай, мыйзамсыз түрдө ишке киришкен.

Бул факт боюнча Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.