21.04.2020 12:06

Чүйдө коронавирустан көз жумган аял үйүндө ооруп жата берген

Чүйдө коронавирустан көз жумган аял үйүндө ооруп жата берген

Коронавирус инфекциясынан  каза болгон 70 жаштагы карыя вирусту жуктурганын билген эмес. Оор абалда ооруканага түшкөндө дарыгерлер текшергенде коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Анын айтымында көз жумган бейтаптын өнөкөт оорусу  бар болгон. Карыя менен 5 адам жакын байланышта болгону аныкталды.

 

"Бейтап оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер аны коронавируска текшерүүнү чечишкен. Анализ алынып, анын жыйынтыгынан вирус аныкталган. Учурда аны менен жакын байланышта болгондор аныкталды. Үйүндөгү 5 адам бейтап менен тыгыз байланышта болгон адамдар үй карантинге алынышты. Алар дыкат медициналык көзөмөлдө турушат. Биздин эпидемиолог адистер оорунун ал очогунун чектерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Ал иштер аяктагандан кийин так маалымат беребиз”, – деди Үсөнбаев.

 

Эске салсак,  20-апрель күнү өлкөдө коронавирустан дагы эки бейтап – Чүй облусунда 70 жаштагы кемпир жана Ош шаарында 79 жаштагы карыя каза болгону айтылган. Ал эми  Ош облусунда каза болгон бейтап ооруканада дарыланып жаткан. Анын да өнөкөт оорулары болгон.

Кыргызстанда бүгүн, 21-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын саны 590 адамга жетти. Жалпы  216 адам коронавирустан сакайып чыкты, 7 адам көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.