Дагы 12 медицина кызматкеринен COVID-19 вирусу тастыкталды

Дагы 12 медицина кызматкеринен COVID-19 вирусу тастыкталды

Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 63 учур. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти. Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында

Бүгүн, 12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 377 кишиге жетти.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.