30.05.2018 13:32

«Дастан» ишканасында ири өлчөмдөгү акча каражаты жок кылынган. Кылмыш иши козголду

«Дастан»  ишканасында ири өлчөмдөгү акча каражаты жок кылынган. Кылмыш иши козголду

УКМК «Дастан» ААКсында ири өлчөмдө каражат жок кылынганы тууралуу фактыны аныктады. Мындан улам, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу») менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 2012-жылдын январь айында  «Дастан» ишканасынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн.

«Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар суммасында белгиленген. Өз кезегинде «ТНК Дастан» мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясы менен дагы келишим түзүп, аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң АКШ доллары сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле муну менен «ТНК Дастан»  ААКсы жана «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени айтылат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.