05.02.2020 16:05

Депутат И. Матраимов: Кара-Суу району өкмөттүн каржысына муктаж эмес

Депутат И. Матраимов: Кара-Суу району өкмөттүн каржысына муктаж эмес

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Кара-Суу районуна каралган дотациялык жардамдын кереги жок деп билдирди.

Эске салсак, аталган аймакты сегиз жылдан бери анын иниси Тилек Матраимов башкарып келет.

Депутат маалымдагандай, Кара-Суу району өкмөттүн айыл-аймактар дотациянын көлөмүн кыскартып, өзүн өзү каржыласын деген тапшырмасын ийгиликтүү аткарып жатат.

Айтымында, учурда 5 айылды өкмөттүн каржылоосунан чыгарып койсо болот. Бирок каржы министрлиги болбой эле каражат бөлүп жатат.  

 «Кара-Суу акимиатынан мага кат жазышты. Ал жакта алдыга коюлган тапшырмалар аткарылып жатат, төрт айылды дотациядан чыгарыш керек деп айтылат. Акимиат каржы министрине дагы кат жазган. Бирок ага карабастан аталган министрлик ал айылдарга жылына 37 миллион сомдон бөлүп келет. Мына силерге акча, алгыла деп», - дейт Искендер Матраимов.

Анын баамында бул каражаттар жакшы өнугө элек айылдарга бөлүнүшү шарт.