10.12.2019 14:14

Депутат: Президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек

Депутат: Президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек

Президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек. Мындай пикирин президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында парламенттин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров билдирди. Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

"Кээ бир саясатчылар, эксперттер «соттук реформа ишке ашпады, максатына жетпеди» деп туруп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болуп атам. Ошондуктан, урматтуу укук коргоо органдарынын жетекчилери, урматтуу мамлекеттик тийиштүү органдар, силер да «качан президент жооп берет экен» же «Стамалиева айым оюн билдирет экен» деп күтпөй, мүмкүнчүлүк бар, баарыңарды кол астыңарда армия бар. Ошол багытта дагы жумуштарды алып барсаңар деп суранат эле", - дейт Тынчтыкбек Шайназаров

Эске салсак, жыйындын башында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Тартип бузуунун бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгилеген.