28.01.2020 13:10

Депутат Жанар Акаев келе жаткан парламенттик шайлоого катуу камданууда

Депутат Жанар Акаев келе жаткан парламенттик шайлоого катуу камданууда

Кыргызстанда жаңы саясчий партия түзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында жарыялады. Айтымында анын курамына көбүнесе жаштар киришет.

Маалыматка караганда, партия Бишкекте кеңсе ачты, 28-январда Ошто ачылган кеңседе жолугушуу өтөт.

Партия бет ачарын жакынкы күндөрү өткөрүүнү пландап жатат. Уюштуруучулардын катарында саясат талдоочу Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар экени айтылды.

Белгилей кетсек, быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Эске салсак, Жанар Акаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген. 2015-жылы ал КСДПнын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. 2017-жылы ал аталган фракциядан чыгып калган.