21.01.2020 17:31

Кадыр Атамбаев жана Темирлан Султанбеков иш сапары менен Таласты кыдырып келишти

Кадыр Атамбаев жана Темирлан Султанбеков иш сапары менен Таласты кыдырып келишти

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев Таласка иш сапары менен келди. Аны коштоп КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков коштоп жүрөт. Бул тууралуу өзүнүн Facebook-баракчасына Кадыр Атамбаев жазып чыкты.

«Менин эң мыкты жана ьир туугандай досум Темирлан Султанбеков экөөбүз Талас облусуна барып келдик. Ал жактан “Манас Ордо” комплексине жана Айкөл Манастын күмбөзүнө баш бактык. Ошондой эле К. Медетбеков атындагы облустук музыкалык драмтеатрды көрүп, Талас облусунун жана шаарынын  көптөгөн кызыктуу жерлерине бардык», - дейт Кадыр Атамбаев.

Vesti.kg басылмасы билдиргендей, социал-демократтар Таласка иш сапары менен барышкан. Жана бул ушул жылдын февраль айында өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу болушу ыктымал.