04.12.2019 19:38

Депутаттар И. Карамушкина жана А. Кодуранова февралга чейин үй камагынан чыгарылышпайт

Депутаттар И. Карамушкина жана А. Кодуранова февралга чейин үй камагынан чыгарылышпайт

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованы үй камагына алуу убактысы 2020-жылдын 9-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирет.

Тиешелүү чечимди бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту чыгарган.

Эске салсак, эл өкүлдөрүнө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө 7-августта аскер кызматкерлерин барымтага алууга катышкан деген кине артылууда.

Белгилей кетсек, темир тор артындагы мөөнөт Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархат Баабиевге дагы узартылды. Элдик штабдын мүчөсү Фархат Баабиев убактылуу кармоочу жайга 2020-жылдын 9-февралына чейин кармалат.