18.01.2019 11:37

Депутаттар канча сомдук костюм кийет? Сурамжылоо

Депутаттар канча сомдук костюм кийет? Сурамжылоо

Эки депутаттын ачуу сөзүнө кабылган Билим берү министрлигинин өкүлү Жогорку Кенеш отурумуна ден-соолугуна байланыштуу свитер кийип барыптыр. Ал ашказанын жылуу кармоо үчүн ушундай кадамга барган. Анын үстүнө Ак үйдүн кире беришинен баштан аяк көз жүгүртүп, кийим текшергендер министрлик кызматкерине асылган эмес.

Албетте, айлыгы 16 миң сом болгон чиновник Мирлан Бакиров жана Алмаз Токторов сыяктуу бай депутаттардыкындай костюм-шым алууга жол ачпайт.

April.kg депутаттардын үстүндөгү кийимине көз жүгүртүп, сурамжылоо жүргүзүп келди.