Э. Каптагаев кайрадан мамлекеттик кызматта

Э. Каптагаев кайрадан мамлекеттик кызматта

Эмилбек Каптагаев Кыргызстандын улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, Эмилбек Каптагаев апрель окуясынан кийин убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген. Кийинчерээк КР президентинин аппаратына башчы болуп дайындалган. 2013-жылдын жай мезгилинде Ысык-Көл облусунун губернатору болгон.

2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштурулуп, Эмилбек Каптагаевди башаламандык учурунда барымтага алышып, машинанын ичинен өрттөп жибере жаздашкан. Ал иш боюнча Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров кунөөлү деп табылган. Ага карабастан, Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун бул окуяга тиешеси жок деп көрсөтмө берген. Бирок экс-парламентарий КР кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси “Барымтага алуу” боюнча айыпталып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.