16.05.2018 10:41

ЕАЭБде эмне жаңылык?

Молдова Орусиянын Сочи шаарында өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитинде биринчи жолу байкоочу макамын алды. Келечекте уюмга кошулушу да мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Мындан башка да жаңылыктар бар. Экономикалык уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда Армениянын атынан жаңы шайланган премьер-министр Никол Пашинян келди. Төрт президент жана бир өкмөт башчы экономикалык альянстын мүмкүнчүлүктөрү өсүп жатат дешкени менен өнөкөт көйгөйлөр да жок эмес.