23.05.2020 09:00

Екатеринбургдан 22 кыргызстандык келди. Алар Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор

Екатеринбургдан 22 кыргызстандык келди. Алар Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор

Кыргызстанга  “Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс менен 22 жаран учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул рейс Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн россия тарабы менен уюштурулган.

Россия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен келишти. Алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.  

Белгилей кетсек, кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда.

Расмий маалымат боюнча, 58 өлкөдө 8712 кыргызстандык жаран мекенине кайтууга жардам күтүп жатат. Андан бери алардын айрымдары Кыргызстанга жеткирилүүдө.

Учурда Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыккан.