Эки баланын атасы Бахадиржан Жалаловго бутуна туруп кетүүсүнө жардам керек

Эки баланын атасы Бахадиржан Жалаловго бутуна туруп кетүүсүнө жардам керек

Токмок шаарынын тургуну Бахадиржан Жалалов жамбаш сөөгүнө протез салдырууга муктаж. Операцияга 5 миң  доллар керек, бирок үй-бүлөдө мынча каражат жок. Жолдошу өз алдынча баса албай төшөктө жаткандыктан, байбичеси Назгүл - аны карап үйдө. 

Мындан он жыл мурун Бахадиржан Жалалов жоон саны ооруп, Токмок шаарынын ооруканасына кайрылган. Дарыгерлер нерв кыпчылып калган деген диагноз коюшуп, укол жазып беришкен. Оору басаңдап калгандай болгон.

Бирок мындан жети ай мурун оору кайра козголгон: буттарын башкара албай, балдак менен басып калган. Алгач Бишкектеги менчик клиникага кайрылышкан, ал жактан кайра эле нерв кыпчылган деген сөздү угушкан. Эки ирет ийне сайдырган Жалаловдун оорусу ого бетер күчөгөн: бутуна тура албай калган.  

Жубайы аны Бишкектеги №4 шаардык ооруканага алып келип, ал жактан нур менен изилдеп көргөн дарыгерлер кашка жиликтин башынын эки тараптуу некрозу деген диагноз коюшкан.  Тактап айтканда, оң жактагы жамбашы менен ашташкан кашка жиликтин башы сынып, чирип бараткан. Сол жагыныкы да сынып кетүү алдында.

Төшөктөн туруп, өз алдынча басып калуу үчүн Бахадиржанга тез арада операция жасоо керек. Үй-бүлөнүн балдары 14 жана 12 жашта. Назгүлдүн айтымында, бир баласы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү. Акча жагынан жардам бере турган кишиси жок.

Жардам берүүнү каалаган кайрымдуу адамдар үчүн Элсом номери: 0703145624