14.06.2018 14:17

Экинчи аракет. Абылгазиев Жогорку Кеңешке өкмөттүн иши тууралуу өз отчетун сунуштады

Экинчи аракет. Абылгазиев Жогорку Кеңешке өкмөттүн иши тууралуу  өз отчетун сунуштады

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылы аткарылган иши тууралуу отчетун сунуштады. Бул туурасында өкмөт  аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

«Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кирген соң биздин жарандардын иштөө шарттары кыйла жакшыра баштады. Эми жарандарыбыз иштегени барган өлкөнүн жарандары менен бирдей укукка ээ болушту. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө барган өлкөлөрүндө социалдык жана медициналык тейлөө жеткиликтүү болуп калды. Жумушка орношкондо алардын квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы республикага акча которуулардын көлөмү 24%га көбөйүп, алардын жалпы суммасы 2,4 млрд АКШ долларын түзгөнүн билдирди. «Бүгүн ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн 18 сектору боюнча либералдаштыруу планы ишке ашырылууда, алар боюнча бирдиктүү рынок 2019-2021-жылдарда иштеп баштайт.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чек ара пункттарын, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо иштери улантылат», - деп билдирди өкмөт башчы.