22.03.2018 14:25

Экс-депутатка студенттерден 14 миң доллар пара алган деген айып тагылууда

Экс-депутатка студенттерден 14 миң доллар пара алган деген айып тагылууда

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев Кыргыз-Орус Славян университетинин Медициналык факультетине студенттерди кабыл алуу үчүн алардан 14 миң доллар пара алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

 «Ал Кыргызстандын аймагына чыкпоого милдеттендирилип, айыптоо корутундусу үчүн иш Баш прокуратурага жөнөтүлдү. Андан соң сотко өтөт. Осмонов «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара алуу» беренелеринин негизинде айыпталууда",- деди УКМК

Эскерте кетсек, 2014-жылы УКМК Кыргыз-Орус Славян университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда абитуриенттер ошол кездеги Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы маалымдалган.

Жабылган кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу быйыл 23-январда кайра ачылды.