28.01.2019 11:01
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга кетти
© КР Президентинин маалымат кызматы
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга кетти. Бул тууралуу журналисттерге КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев бүгүн, 28-январда учуп кеткен.
«Мен мурда билдиргендей, Атамбаев кыска эмгек өргүүсүнө чыкты. Үй-бүлөсү менен бир жума Бириккен Араб Эмираттарында болуп, кайра кайтат», - деди Жолдубаева.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин 11-январда Индияга бара турганы айтылып, бирок ал сапар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: