20.02.2020 14:16

Экс-президент А. Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлбөй, камакта 15-мартка чейин калтырылды

Экс-президент А. Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлбөй, камакта 15-мартка чейин калтырылды

Бишкек шаардык соту райондук соттун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна адвокат Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Атамбаевди абакта кармоо тууралуу чечим мыйзамсыз экени тууралуу арыз шаардык сотко эки апта мурда жиберилген.

«Жазык-процессуалдык кодекстин 474-беренесинде «өз ишмердүүлүгүн токтоткон президентти тергөө абагына отургузмак түгүл аны жада калса кармоого болбойт» деп жазылып турат. Бул норманы жокко чыгара турган башка эч кандай мыйзам жок. Мен ушул жүйөнү келтирдим», — деди ал.

Жактоочунун айтымында, бүгүнкү сот отурумуна катышкан прокурор Атамбаевди кармоо алдында экс-президенттин макамы жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлүп, ал тийиштүү шарт түзүлгөндөн кийин кармалганын билдирди.

«Бирок мен анын жүйөсүн негизсиз деп эсептейм», — деди Жоошев.

Сот райондук соттун чечими мыйзамдуу болгон деп тапты.

Быйыл январда Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга, 15-мартка чейин узарткан.

Эске салсак, күн мурун, 20-февралда экс-президенттин ден-соолугу кескин начарлап кеткендиги тууралуу анын балдары коңгуроо кагып чыгышкан. Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткендиктен инсулть, же инфаркт алуу коркунучу бар.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар башка беренелер менен айыпталууда. 2019-жылдын 8-августунда кармалган мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.