09.05.2020 14:42

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жеңиш Күнү менен куттуктады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жеңиш Күнү менен куттуктады

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жарандарды Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктады. Куттуктоо текстин толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык –Улуу майрамы келди, мында кыргыздар мурдагы СССРдин башка элдери менен бирге  эрдик менен  дүйнөнү фашисттик коркунучтан сактап калышты. Биздин аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын бул эрдиги бизди кылымдар бою шыктандырып турат.

Бүгүн өлкө татаал сыноолордун алдында турат. Кыргызстанды, анын экономикасын жандандыруу керек. Бирок биз бардык кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү жеңе алабыз. Анткени, биздин ата-бабаларыбыздын каармандыгы жана эрдиги көз алдыбызда турат.  Адамзат тарыхындагы эң чоң согушту баштан кечиргендердин элеси бизге сөзсүз жардам берет.

Майрамыбыз менен кыргызстандыктар! Ден соолукта жана бактылуу болгула! Жер бетибизде дайыма тынчтык болсун!»