16.01.2020 09:47

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жакындары менен жолукту

Мурунку президенттин улуу баласы Сейитбек Атамбаевге атасы менен жолугушууга уруксат беришти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочу Сергей Слесаревге таянып жазып чыкты.  

Анын айтымында, камактагы мурунку мамлекет башчы жубайы Раиса Атамбаева жана кичүү уулу Кадыр менен да жолукту.

«Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезүүдө. Ал эч нерсеге нааразы эмес. Азыркы тапта Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга киришип жатам. Мен экспертизанын жыйынтыктарынын айрымдары менен таанышмын. Психиатриялык экспертиза тууралуу бир нерсе дей албайм. Мен корутундусун көргөн жокмун», — деди жактоочу.

Ал Алмазбек Атамбаев 8 эпизод боюнча шектелип жатканын айтты. Анда «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу», «Адам өлтүрүүнү уюштуруу» беренелери тууралуу кеп болууда.

Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт. Жактоочу сот жабык өтүшү мүмкүн деди.