20.02.2020 08:38

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлады

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын ден-соолугуна кабатыр.

Уулдарынын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткендиктен инсулть, же инфаркт алуу коркунучу бар.

Маалыматты анын жактоочусу Замир Жоошев дагы ырастаган.

«Атамдын кан басымы төмөндөп, 76-60ка жетти. Даарыгерлер так маалыматты жашырууда», — дейт Сеид Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев август айынан бери УКМКнын абагында кармалууда.