04.12.2019 12:33

Экс-президенттин тарапташы Фархат Баабиевдин темир тор артындагы мөөнөтү узартылды

Экс-президенттин тарапташы Фархат Баабиевдин темир тор артындагы мөөнөтү узартылды

Экс-президенттин тарапташы Фархат Баабиевдин темир тор артындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook социалдык баракчасына жазып чыкты.

Тиешелүү чечимди күн мурун, 3-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту чыгарган. Элдик штабдын мүчөсү Фархат Баабиев убактылуу кармоочу жайда 9-февралга чейин кармалат.

Мындан сырткары, бүгүн, 4-декабрда Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кенештин депутаттары Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкинанын үй камагына алуу мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн өтүнүчү каралат деп билдирет К. Жолдубаева.

Ошондой эле бүгүн сотто Канат Сагымбаев экс-президенттин мурунку жан сакчысынын дагы иши караларын кошумчалады.