08.08.2019 00:46

Экс-президенттин үйүн курчоодо 15 адам жаракат алды

Экс-президенттин үйүн курчоодо 15 адам жаракат алды

Кой-Таштагы экс-президентти кармоо атайын операциясынан кийин 15 адам ооруканага жеткирилди.  Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жабыркагандардын үчөө Чүй облустук бириккен ооруканасында; дагы үчөө - Улуттук госпиталда; тогузу - Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда экени айтылат.
 
Буга чейин жаракат алгандардын бири - атайын багыттагы отряддын жоокери экени айтылган.