28.02.2020 10:13

«Электр станциялары» ишканасына Жолдошбек Ачикеев башкы директор болуп дайындалды

«Электр станциялары» ишканасына Жолдошбек Ачикеев башкы директор болуп дайындалды

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолдошбек Ачикеев 44 жашта. Буга чейин «Улуттук электр станциялары» ишканасында жетекчилик кызматтарда иштеп келген.

Директорлор кеңешинин дагы бир чечими менен «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына Алмаз Кушубаков дайындалды. Ал буга чейин Токтогул каскадын жетектеп турган.