01.05.2020 10:04

Эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү. Президент 1-Май майрамы менен куттуктады

Эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү. Президент 1-Май майрамы менен куттуктады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Куттуктоо сөзүн президенттин басма сөз кызматы жарыялады.

        «Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктайм! Биз бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болгон коомбуз.

Өлкөбүздүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги — табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделген. Биздин мамлекетибизде адам ресурсун өнүктүрүү, эмгек адамын даңазалоо — ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет.

Жалпы дүйнө жүзү боюнча ишмердүүлүк кыскарган азыркы учурда эмгектин баркы, эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү. Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы.

Бардык мекендештериме ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм! Жараткан Кудайым колдоп, ар дайым элибизде биримдик, Кыргызстаныбызда тынчтык болсун!», – деп айтылат куттуктоодо.