Энергетика башчылары кызматтан алынды

Социалдык тармактарда Бишкек жылуулук электр борборунда чыккан авария дагы, дале талкууланып бүтө элек. УКМК ага күнөөлүлөрдү суракка алып, айрымдарын камай баштады. Премьер-миниср Сапар Исаков Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевди орун басары менен кызматтан айдады. Ошондой эле электр тармактары ачык акционердик коомунун жетекчиси Узак Кадырбаев да, ээлеген жумуш ордунан бошотулду.

Ал эми-- Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин башчысы Улан Рыскулов Өкмөт башчысынан катуу сөгүш алды. Тиешелуу чечимин Сапар Исаков кечээ Өкмөттүк жыйында угузду. Иш чарага April.kg кабарчысы Аман Бакиров катышып келди