25.04.2018 16:15

Европада жашы жете электерге Whatsapp колдонууга тыюу салынат

Европада жашы жете электерге Whatsapp колдонууга тыюу салынат

16 жашка толо элек европалыктарга тексттик билдирүүлөр менен ылдам алмашуу мессенджерин колдонууга тыюу салышат. Европа жашоочулары үчүн жаш курактык чектөөлөрдүн кирип жатканын компания өзүнүн расмий блогунда билдирди.

"Кийинки айда Европа кеңеши өзүнүн купуялуулук мыйзамын жаңылайт. Ага жараша, сиз Европа мамлекеттеринде жашасыңыз, биздин кызматтан колдонуу үчүн жашыңыз 16дан кем болбош керек " — деп жазылат билдирүүдө.

Бирок, WhatsApp администраторлору  бул талапты  кантип ишке ашыраары айтылбайт.