06.03.2020 09:42

Фарид Ниязов: Кой-Таш окуясы боюнча тергөө "Ак үйдүн" басымы алдында жүрүп жатат

Фарид Ниязов: Кой-Таш окуясы боюнча тергөө "Ак үйдүн" басымы алдында жүрүп жатат

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов кайрылуу жасады.

Анын билдирүүсүн толугу менен келтиребиз:

«Өткөн жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин элдин ишенимине арткан өкмөт түзүү боюнча талабын тергөөчүлөр “бийликти күч менен басып алууга аракет” деп баалашыптыр».

Албетте бул абсурд. Өткөн жылы, 3-июльда “Медиа-Форумдун” алдында уюштурулган  митингде 7 пунктан турган резолюция кабыл алынганы боюнча интернетте материалдар толтура. Анда талаптардын аткарылышына “мыйзамсыздыкты токтотуп, мамлекеттик органдардын ишин укуктук талаага алып келүүгө”, өкмөттү отставкага кетирип, “Элдин ишенимине арткан өкмөт” түзүүгө  Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңешке эки ай берилген.

Эгер бул талаптар аткарылбаса, башкалары коюлат, ичинен парламенттик шайлоо жана президенттин мөөнөтүнөн мурда мыйзамдуу отставкасы боюнча катардагы эскертүүлөр “бийликти күч менен басып алуу планы” катары кабыл алынса, анда жазык кодексинин дал ушул беренеси боюнча учурда турмөдө жок дегенде Жогорку Кеңештин жүздөгөн мурунку депутаттары отурмак. Керек болсо Бакиевдердин тушунда мынчалыкка чейин эч ким жеткен эмес. Жээнбековдор кайда баратат.

Тергөө “Ак үйдүн” басымы алдында жүрүп жатканы көрүнүп эле турат. Анын бир тараптуу болуп жатканы дагы ушундан. Өзүлөрүнүн кылмыштуу иштерин акташ үчүн, бийликти күч менен басып алууга күчкө салып айыптап жаткандары айдан ачык.

Кой-Таш окуялары боюнча тергөөнүн позициясы мамлекеттик комиссиянын материалдарында ачык жазылып, Жогорку Кеңеште көрсөтүлүп, ЖМКларга чейин тараган. Бирок дээрлик бардык көз карандысыз юристтер массалык башаламандыктын жана "Альфа" атайын топтун жетекчисинин орун басары, полковник Үсөн Ниязбековдун өлүмүнүн негизги себеби катары УКМКнын жетекчилигинин ойлонбой кылган аракеттери экенин белгилешкен.  Чогулуп жаткан ачууланган элди ок менен тосуп алуу буйругун берип, өзүнүн кызматкерлерин таландыда таштап койгон.

Тергөө далилдерди издеп убара тарткан жок. Далилсиз, ойдон чыгарылган “бийликти басып алуу планы” боюнча айыптап жатат. Бирок ошол “планда” конкреттүү эмне камтылган таптакыр маалымат жок. Кайсы пунктар? Ошол “планды”  деги бир киши көрүптүрбү, аны айтпай эле койсок болот. Анткени андай “план” эч качан болгон эмес.

Уланта берсек, айыптоочу корутундуда Атамбаевдин тарапташтарынын ортосунда “кылмыштуу ролдор алдын ала бөлүштүрүлгөн” деп айтылат. Кайра эле дал ошол “ролдор” боюнча эч кандай маалымат, же бир далил жок. Жада калса менин өзүмө тергөөдөн бирөө дагы мен үчүн же айыпталуучулардын бирине кандай “ролду” ойлоп табышканын айтышкан жок.

Эгер Атамбаев бийлигин сактап калгысы келсе, ал үчүн экинчи президенттик мөөнөттү уюштуруу үчүн варианттар толтура болчу.

Алмазбек Атамбаев Жээнбековду жашыруун башкаргысы келген деген айыптар дагы негизсиз. Экс-президент учурдагы мамлекет башчыга кеңеш берүүгө же жаран катары бийликти сындаганда укугу жокбу?

Мунун бардыгы келип жеке мамилеге такалат. Менимче, ал убакта Сооронбай Жээнбековдук акылмандуулугу жетпей калган. Ал Атамбаевдин кыялын билип туруп, аны эске алыш керек болчу. Президенттик кызматка киришээр замат, Сооронбай Жээнбеков элдин биримдигине жана мамлекеттеги туруктуулукка өзү жооптуу болушу шарт».