11.03.2020 10:26

Фарид Ниязов: Кой-Таш окуясындагы башаламандыкка УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жооптуу

Фарид Ниязов: Кой-Таш окуясындагы башаламандыкка УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жооптуу

Бүгүн, 11-мартта президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов билдирүү жасады. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ички иштер министрлигинин көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын белгиледи.

Фарид Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев жооптуу деп эсептейт.

«84 томдук кагаз, 2 терабайт видео жана аудиоматериалдан турган кылмыш ишинде азыркы соттолуучулардын айыбын тастыктаган бир да реалдуу далил жок. Опумбаев атайын операция ишке ашпай калганда «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей койгон, билип туруп аларды жаалданган топтун колуна салып берген. Атамбаевдин тарапкерлери аларды өз калканчына албаса кесепети андан да оор болмок», - деп билдирет Ф. Ниязов.

Эске салсак, 2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган.  ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык карай баштады.