04.02.2020 10:03

Фарид Ниязов жана Равшан Жээнбеков камакта 9-апрелге чейин калышат

Фарид Ниязов жана Равшан Жээнбеков камакта 9-апрелге чейин калышат

Күн мурун, 3-февралда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бөгө чарасын кароо боюнча соттук процесс башталып, түн оокумуна чейин, тагыраагы түнкү саат 1ге чейин созулду.

Биринча май райондук соту президенттин мурдакы аппарат башчысы Фарид Ниязов менен парламенттин мурдакы депутаты Равшан Жээнбековду апрелге чейин абакта калтырды.

Саясатчылардын камактагы убактысы 9-апрелге чейин узартылды.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылууда.

Равшан Жээнбеков дагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 

Ага чейин экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жана Атамбаевди колдогон Фархат Баабиев менен Рыспек Карыпбек уулунун бөгөт чарасы каралып, алар да 9-апрелге чейин камакта калтырылганы кабарланган. Ал эми парламент депутаты Асел Кодураңованын үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Атамбаевдин тарапташтары алардын бөгөт чарасы түнгө чейин каралып жатканына нааразылыгын билдиришти.

2019-жылдын 7-8-августунда күч түзүмдөрү Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, жалпы жонунан 225 адам жабыркаган. Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган.