29.11.2019 10:57

Фарид Ниязовду кармоо мөөнөтү узартылды

Фарид Ниязовду кармоо мөөнөтү узартылды

Президенттик аппаратттын экс-башчысы Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-февралга чейин камакта калтырылды. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул тууралууу КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында Фарид Ниязов №1 тергөө абагында болот.

"Камакта калтыруу чечими Кыяс Молдокасымов жана Амантур Жамгырчиевге карата да чыкты. Алар дагы СИЗО-1 кармалып турат",-деди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу Фарид Ниязовго жана башка Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү жана УКМКнын "Альфа" атайы багыттагы аскерлерин барымтага алуу боюнча айыптар тагылган.