27.11.2019 14:57

Фейсбуктагы пост үчүн «БеспределKG» администраторун камашты

Фейсбуктагы пост үчүн «БеспределKG» администраторун камашты

Бишкекте УКМК кызматкерлери «БеспределKG» Facebook-баракчасынын администраторун кармап кетишти.

Айрым булактарга караганда кармалган жарандын аты Автандил Жоробеков.

Белгилүү болгондой, аталган жаранды дем алыш күнү кармап кетишкен. Күн мурун, 26-ноябрда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн социалдык тармактагы баракчадагы акыркы маалымат 24-ноябрда чыккан. Ал Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматка байланыштуу болгон. Постко талондун сүрөтүн тиркеп койгон.

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда УКМКнын маалымат кызматы 24-ноябрда А.Ж. аттуу колдонуучу кармалып, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын маалымдашкан.

Мындан сырткары, шектүү социалдык тармактарда калп жана провокациялоочу маалыматтарды таратып, бейбаштыкка жана массалык каршылык акцияларын уюштурууга чакырык жасагады деп билдиришкен.