19.02.2019 14:24

Финансы полициясындагы массалык жумуштан кетирүү: бийликке жакпаган кызматкерлер иштен айдалдыбы?

Финансы полициясындагы массалык жумуштан кетирүү: бийликке жакпаган кызматкерлер иштен айдалдыбы?

Кыргызстандын каржы полициясы 44 кызматкерди кызматынан четтетип, имаратына кирүүгө тыюуу салды. Финпол мындай кадамын органда жүргүзүлүп жаткан оптимизация менен түшүндүргөн. Бирок адистер андай жоопко ынанышкан жок. Айтымдарында бийлик өлкөдөгү эң майлуу кызматтагы баш ийбегендерден арылып, өз кадрларын тартууга аракет жасашууда. Ал ортодо эки айдан бери жумушсуз калып, сотко кайрылгандардын саны көбөйдү.