10.12.2019 15:06

ИИМ ардагерлери А.Атамбаевди колдоп чыгышты

ИИМ ардагерлери А.Атамбаевди колдоп чыгышты

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди колдоо максатында ИИМдин ардагерлери мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты.

Билдирүүсүндө алар мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан үчүн жасаган ири иштерин белгилеп өтүшкөн. Ириде демократиялык багытта биздин өлкө чоң секирик жасай алгандыгын айтышкан.

Айтымдарында Алмазбек Атамбаевдин маалында ички иштер министрлигинде чоң өзгөрүүлөр орун алып, органдардагы криминалдын орду жоюлуп, күч структуралар тазаланып, мамлекет укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дыкат көңүл бөлүп, маянасын көтөрүп, турак-жай куруп, материалдык-техникалык базайын байыткан.

“Элдин ден соолугуна оор залака келтиргени үчүн, жеке турак-жайдын кол тийбестиги жана башка кылмыштары үчүн УКМКнын төрагасы жана ички иштер министрлигине кылмыш иштерин козгош керек”, - деп айтылат билдирүүдө.  

Мындан сырткары алар мамлекет башчыны өлкөдө болуп жаткан укуктук башаламандыкка көңүл бөлүп, Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылган КР Жогорку конституциялык палатасынын судьяларын жоопко тартууга чакырышкан.

“Ошондой эле Сизден УКМКнын төрагасы Опумбаевди жана ички иштер министри Жунушалиевди отставкага кетүүнү өтүнөбүз. Жана алардын кылмыштуу буйруктарын аткарган  Э. Аширходжаевди дагы жоопко тартууну суранабыз”, - деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууга кол койгондордун тизмеги:

1. Абдушаев А.
2. Акжолов А.Ж.
3. Асакеев Ш.
4. Боталиев М. А.
5. Бутешев К.
6. Жунусов Ж.М
7. Исабекова А.К.
8. Касенов С.К.
9. Кожомкулов Д.А.
10. Кошокбеков Т.О.
11. Мандыбаева Г. А
12. Омуралиев К.Д.
13. Орозбеков Б.Д.
14. Осмонкулов М.К.
15. Райымкул уулу Касымбек
16. Тезекбаев К.А.
17. Турсунов Ж.Ы
18. Шамбетов Б.К.
19. Шаршембаев К.К.
20. Шаршенкулов А.»