26.12.2019 13:35

ИИМ КСДП саясий партиясынын дээрлик баардык башчыларын суракка чакырды

ИИМ КСДП саясий партиясынын дээрлик баардык башчыларын суракка чакырды

Бүгүн, 26-декабрда Ички иштер минитрлигинин мамлекеттик тергөө башкармалыгына КСДП саясий партиясынын дээрлик баардык башчыларын суракка чакырышты. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдиришти.

Тергөочүнүн сурагына партиянын төрайымы Асель Кодуранова, төрайымдын орун басарлары Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева жана саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев келиши шарт.

Баардыгы тең суракка саат 15:00гө чакырылган.

Эске салсак, учурда Карамушкина жана Кодуранова үй камагында отурушат. Кундуз Жолдубаева болсо 7-8-августтагы Кой-Таштагы башаламандык боюнча күбө катары суралууда.