02.03.2020 09:00

ИИМ: Митингде тартип бузгандар катуу жазаланат

ИИМ: Митингде тартип бузгандар катуу жазаланат

Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскертти. Бул тууралуу министрлик 2-мартта эртең менен тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

ИИМ жарандар менен юридикалык бирикмелерге кайрылып, митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

«Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттердин жолуна бөгөт коёт. ИИМ баарына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чара көрөт», - деп айтылат билдирүүдө.

2-мартта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында нааразылык акциясын өткөрөрүн жарыялашкан. Алар саясатчыны эркиндикке бошотууну талап кылышкан. Акциянын алдында ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экени жөнүндө сөздөр тарап, буга чейин УКМК бийликти басып алууга чакырык таштаган бир адам кармалганын жарыялаган.

Буга байланыштуу абактагы Садыр Жапаров жазуу түрүндө 1-мартта кайрылуу таратып, өз боштондугун талап кылып, митингге чыгуунун кажети жок экенин билдирген. Буга карабай Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүлөрүн жарыялашкан.