16.12.2019 14:33

ИИМде сурак берип жаткан Кундуз Жолдубаева бир нече сааттан бери чыга элек

ИИМде сурак берип жаткан Кундуз Жолдубаева  бир нече сааттан бери чыга элек

КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева таң эртеден бери ИИМдин тергөө кызматында суракта отурат. Бул тууралуу Kaktus.media маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, каралып жаткан иштин материалдары сыр катары сакталат. К. Жолдубаева үн катпоо тууралуу документке кол койгондуктан тергөө аракеттери боюнча кененирээк айтып бере албайт.

Саат 14:00дө танапис жарыяланып, 14:30да сурак улантылган.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасалган Кой-Таш айылындагы 7-8-августтардагы башаламандык боюнча күбө катары сурак берүүдө.