31.10.2018 14:12

Икрамжан Илмияновдун ишинде Сооронбай Жээнбековдун да аты аталды

Икрамжан Илмияновдун ишинде Сооронбай Жээнбековдун да аты аталды

Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жалгыз отуруучу камерага которулганы маалымдалды. УКМК Илмиянов алды делген 150 миң доллар боюнча баардык жагдайлар каралаарын жана ал тергөө менен кызматташып жатканын билдирет. Ал ортодо бул козголгон кылмыш иштин чоо-жайы ачыкталып, иште президент Сооронбай Жээнбековдун аты аталды.

Көрсө, Илмияновдун иши былтыр өткөн президенттик шайлоого байланыштуу экен. Бул жаңы жагдай атайын кызматтын КСДПга жөнөткөн катынан кийин белгилүү болду. УКМКнын тергөөчүлөрү жазган каттын мазмуну жана социал-демократтар партиясынын ага жообу кийинки видеодо: